Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барды.

Борбор калаанын башчысы ардагерлерге ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мындан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоосун берди.

Өз кезегинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери куттуктоосу үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бардык кыргызстандыктарга асманыбыз тынч, чың ден соолук каалашты.

Калаа башчысы акырында 100 жашка чыккан ардагер Аспек Жумашевге барды. Өткөн жылы ардагерге КР Президентинин атынан 2 бөлмөлүү батир берилип, ал оңдоп-түзөөдөн өткөн болсо, быйыл үй-бүлөсү менен жаңы үйдө майрамды тосууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 6 катышуучусу жашайт.