Көп бал алган жеңүүчүлөрдү район башчысы Нурбек Курманбеков куттуктап, грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.


Конкурс 2 этап менен өткөрүлүп, калыстар тобу катышуучулардын кесиптик чеберчилигин баалашты. Конкурска Октябрь районунун мыкмы мугалимдери төмөнкү номинацияларда: «Мыкты мугалим - 2016», «Мыкты жаш мугалим - 2016», «Эң мыкты класс жетекчи - 2016», «Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы -2016» катышты.


Конкурстун максаты талантуу мугалимдерди аныктоо, мугалимдердин кесибин жогорулатуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин чыгармачылык потенциалын ачуу болуп саналат.


Аталган иш-чарага райондук бюджеттен 100 миң сом каражат бөлүндү.