Шаардык муниципалитет эски жолдорду оңдоп-түзөө, жаңы жолдорду куруу иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирет жана шаар тургундарына оңдолуп, асфальт төшөлүп жаткан жолдорду бузбоону суранат.
Бүгүнкү күнгө чейин асфальт жолдордо скутер жана велосипеддерди айдоо көп жолу катталды. Бул көрүнүш жол катмарын жана жеке транспорт каражаттарынын бузулушуна алып келүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы жол катмары жаңыланып жаткан тилкелерге унаа менен кирүүдөн жана жөө басуудан убактылуу карманууну өтүнөт.
Асфальт төшөлгөндөн кийин 24-72 саатка чейин жумшак абалда калат. Бул учурда жеңил унаалардын дөңгөлөктөрү же жөө адамдардын бут издери жолдун бетинде из калтырып, кийинчерээк жарака же чуңкурлардын пайда болушуна себеп болот.
Бул жолдун сапатын гана төмөндөтпөстөн, кошумча оңдоо чыгымдарынын жаралышына да алып келет.