Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга байланыштуу коомдук транспорт каттамдарынын кыймыл схемаларына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди.
2025-жылдын 7-майынан 10-майына чейин шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир катар автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлөт. Майрамдык иш-чараларга карата айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет.
№36, №56, №101, №118 жана №135 автобустар Ибраимов, Шопоков, Жумабек жана Фрунзе көчөлөрү боюнча кыймылын токтотуп, бул көчөлөрдү айланып өтүү үчүн өз каттамдарын өзгөртүшөт.
Урматтуу шаар тургундары , айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңыздарды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.