Борбор калаада улуттук спорттук оюн болгон ордо боюнча мектеп окуучулары арасында шаардык лигасы өттү. Мелдеште шаардын төрт районундагы тандоо турларынан өткөн 16 мыкты команда күч сынашты. Финалдык оюндар достук маанайда өттү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Мелдештин максаты — дени сак жашоо образын жайылтуу, жаштардын улуттук спорт түрлөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу жана мектеп окуучуларынын дене тарбия көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
•1-орун — №59 орто мектеп (Ленин району);
•2-орун — №79 орто мектеп (Ленин району);
•3-орун — №1 интернат-мектеп (Биринчи Май району).

Бул турнир жаш муундар арасында улуттук баалуулукту сактоодо жана даңазалоодо маанилүү кадам болду. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.