Бишкекте бильярд боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Дастан Лепшаковдун чеберчилик сабагы өттү. Ага олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин “Жеңиштин” жаш спортчулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүмдөр арасында бильярд спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле атактуу чемпион менен жолугушуу аркылуу жаш спортчуларды шыктандыруу болду.

Мындай жолугушуулар студенттердин дараметин ачып, аларды туруктуу машыгууга шыктандырып, спорттук баалуулуктарды калыптандырууга жардам берет.

Иш-чаранын алкагында Дастан Лепшаковдун Кубогу үчүн турнир да уюштурулуп, анын жыйынтыгында олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин «Жеңиштин» тарбиялануучусу Мирбек уулу Чынгыз жеңүүчү болду.