Борбор калаадагы эң шамдагай жана ылдам мектеп окуучулары башын бириктирген гандбол боюнча мектептер арасында шаардык лигасы өттү.
Финалга Бишкек шаарынын төрт районунан, райондук деңгээлдеги тандоо турларынан ийгиликтүү өткөн 16 күчтүү команда жолдомо алышты.
Бул турнир Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан гандболду, спортту жана сергек жашоо образын мектеп окуучулары арасында жайылтуу максатында уюштурулган.
Гандбол – ар тараптуу физикалык өнүгүүгө жана ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзгөн спорт түрү. Ал күч, ылдамдык, шамдагайлык, чыдамкайлык жана ийкемдүүлүк сыяктуу сапаттар менен катар кайраттуулук, чечкиндүүлүк, максатка умтулуу жана тартипке тарбиялайт.
Мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
1-орун – №31 орто мектеби (Ленин району);
2-орун – №1 орто мектеби (Свердлов району);
3-орун – №54 орто мектеби (Биринчи Май району).
Мектептер арасындагы гандбол лигасы окуучулардын спорттук чеберчилигин гана өнүктүрбөстөн, достукту, командалык рухту жана сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырды. Турнир достук жана көтөрүңкү маанайда өтүп, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты.