2025-жылдын 5-майында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев газ менен иштей турган отказандар жасалып жаткан “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына барды.
Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон эки отказан жасалып бүттү. Алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карата дагы 9 отказан жасалат.
Таалайбек Байгазиев: “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасында буга чейин көмүр менен иштеген отказандар жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат. Бул Бишкек мэриясы үчүн чоң жетишкендик. Бул отказандарды буга чейин сырттан сатып алып келген болсок, эми жогорку сапатта өзүбүз жасап жатабыз. Отказандар алдыдагы жылытуу мезгилинде отканаларга орнотулуп, ишке кирет. Шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртуу максатында газ менен иштей турган отказандарды жетиштүү санда чыгарууга даярбыз. Мындай отказандар алда канча үнөмдүү” - деп белгилеп кетти.
Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында Алдыдагы жылытуу мезгилине карата “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасындагы оңдоо-өндүрүш тилкесинде 11 даана кубаттуулугу 1 МВт, 3 МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү отказандар жасалууда.
Белгилей кетсек, даяр болгон отказандар 2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде ишке берилет.