Борбор калаада интеллектуалдык спорттун түрү эсептелген тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.Мелдешке өлкөнүн бардык булуң-бурчунан мыкты оюнчулар чогулуп, алардын арасында улуттук жана стол үстүндө ойнолуучу спорттун түрлөрү боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин Бишкек шаардык курама командасы да катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарды ээледи.
Чемпионаттын максаты — тогуз коргоол оюнун жаштар арасында өнүктүрүү жана жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле интеллектуалдык оюндар аркылуу улуттук мурасты сактоо жана даңазалоо.
Чемпионаттын жыйынтыктары:
Стандарт түрү боюнча:
* 1-орун — Белек кызы Адина
* 3-орун — Асейева Адина
Жигиттер арасында:
* 1-орун — Сыргак уулу Сырттан
* 2-орун — Ибрагимов Кубанычбек
* 3-орун — Жигитали уулу Талантбек
* 3-орун — Сейдахматов Баимбет
Рапид түрү боюнча:
* 1-орун — Асейева Адина
* 2-орун — Сарыкеева Гүлжамал
* 3-орун — Жамансартова Азиза
* 3-орун — Асанкулова Эркежан
Блиц түрү боюнча:
* 1-орун — Бактыбекова Айзада
* 2-орун — Асейева Адина
* 3-орун — Жамансартова Азиза
Ошондой эле “спорт чебери” наамын алган спортчуларды куттуктап кетебиз!