Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасында буга чейин көмүр отказандары жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат.

Алдыдагы жылытуу мезгилине карата  “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасындагы оңдоо-өндүрүш тилкесинде 11 даана кубаттуулугу 1 МВт, 3  МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү отказандар даяр болот.

Белгилей кетсек, даяр болгон отказандар 2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде ишке берилет.  Алар Жал-29, КЭЧ-2, КЭЧ-1, 10-кичирайон, №4 шаардык оорукана, Кызыл куруучу көчөсү, 705 аскер бөлүгү, №46 орто мектеп жана №1мектеп интернатынын отканаларына орнотулат.