Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушту.

Ишкерлердин кайрылуусунун негизинде борбор калаа башчысы май майрамдарына карата Панфилов атындагы сейил багын ачууну тапшырды.

Парктын администрациясына да үч ай иштөөгө уруксат берилди, бирок шарттарды түзүү менен объекттин аймагындагы бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык санитардык нормалар сакталышы зарыл.

Эскерте кетсек, 25-апрелде калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Буга чейин аталган паркта аттракциондон кулап кеткен эки учур катталып, шаардык кызматтар тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилген жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти экинчи окуядан кийин «Детские развлечение» ЖЧКсы менен ижара келишимин бузган.