Бишкек шаарынын мэриясынын жигердүү колдоосу менен «Сенин Эко зарядың» компаниясы экологиялык акциясын баштады, анын алкагында борбор калаанын мектептеринин арасында эскирген батареяларды чогултуу боюнча челлендж өткөрүлүүдө.

Акция 2025-жылдын 15-апрелинен 25-майына чейин уланат. Долбоордун негизги максаты мектеп окуучуларынын жана коомчулуктун көңүлүн кооптуу таштандыларды чыгаруу көйгөйүнө буруу жана борбор калаанын экологиялык коопсуздугуна салым кошуу.

Эң көп батарейканы чогулткан мектептер баалуу жана пайдалуу сыйлыкка ээ болушат: заманбап воркаут же оюн аянтчалары, аларды социалдык багыттагы өнөктөштөр - BRK GROUP жана LEVEL CONSTRUCTION курулуш компаниялары курат.

Акциянын максаты - өсүп келе жаткан муундун айлана-чөйрөгө аң-сезимдүү мамилесин калыптандыруу үчүн ишканалардын, бийлик органдарынын жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүү. Эко-челлендж жөн эле сынак эмес, бул сүйүктүү Бишкектин таза жана коопсуз келечегине кошкон салымы.

Бишкек шаарынын мэриясы башка курулуш компанияларын бул демилгеге кошулуп, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана борбордун экологиялык абалын жакшыртууга салым кошууга чакырат. Акция боюнча толук маалыматты 0505 225 085 телефону аркылуу билсеңиз болот.

Биз биргеликте Бишкекти жашыл, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу кыла алабыз!