2025-жылдын 28-апрелинде «Ала-Тоо» эс алуу борборунда «Ачык Бишкек Дельфы оюндары – 2025» оюндарынын алкагында «Джей» номинациясы боюнча сынак өттү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышын Бишкек шаарынын  мэринин орун басары Виктория Мозгачева өткөрүп, куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик, шыктануу жана жаркын маанай каалады.

Сынактын катышуучуларынын аткарууларынан кийин калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруу аземин өткөрүштү.

Мелдештин жыйынтыгы:
Анастасия Коншина – алтын медаль
Темирлан Магзимов – күмүш медаль
Евгений Нечаев – күмүш медаль
Иван Архипов – коло медаль
Артем Коцарев – «80-жылдардын дискотекасынын мыкты ди-джейи» диплому
Адеми Хамзанова – «Эң романтикалык стили үчүн» диплому
Даниил Абросов – «Эң жаркын башталыш үчүн» диплому

Сынактын программасы катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылыгын, үн менен иштөө чеберчилигин жана чыныгы майрамдын атмосферасын түзө билгендигин көрсөттү.