Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен «Инвест Кей Джи Холдинг» ЖЧКсынын ортосунда Бишкек шаарындагы турак-жай жана коммерциялык объектилерди курууга, реконструкциялоого жана жакшыртууга инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү.
Инвестициялык келишимде мурдагы Батыш автобекетинин имаратын сактап калуу жана аны көргөзмө борборуна айландыруу, ошондой эле шаардын "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" парктарын реконструкциялоо жана жакшыртуу каралган.
Кошумчалай кетсек, аталган келишимдин алкагында «Тазалык-1» жана «Тазалык-2» жаңы базаларын, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасына абоненттерди тейлөө имаратын долбоорлоо жана куруу иштери жүргүзүлөт.
Мурдагы эки базанын аймагында мейманкана, апартамент, көп кабаттуу үйлөр, коомдук жана бизнес борбор жана башка объектилерди куруу пландаштырылууда.
Ошондой эле Батыш автобекетинин маңдайындагы Жибек Жолу проспектисинин боюндагы жол инфраструктурасын (жер астындагы өтмөк) реконструкциялоо күтүлүүдө.
Инвестициялардын жалпы суммасы 2 625 000 000,00 сомдон кем эмес.