Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы айдоочуларга транспорт каражаттарын жашыл аянтка жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотууга тыюу салынганын эскертет.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, төмөнкү жарандар жоопкерчиликке тартылды:
- жеке жаран О.С.Т., дареги: Т.Молдо атындагы сквер — токтом чыгарылган;
- жаран Д.Н.Н., дареги: Юнусалиев көч., 16 — токтом чыгарылган;
- жаран С.М.Т., дареги: Раззаков көч., 54 — административдик комиссияга жөнөтүлгөн;
- жаран К.С.А., дареги: 12-кичи район, 20/2 — токтом чыгарылган;
- жаран Т.М.К., дареги: Ш.Баатыр көч., 19к — токтом чыгарылган;
- жаран К.Т.К., дареги: Гражданская көч., в/д 41 — административдик комиссияга жөнөтүлгөн;
- жаран Б.Б.К., дареги: Ш.Баатыр көч., 71 — административдик комиссияга жөнөтүлгөн;
- жаран Г.А.И., дареги: Садырбаева көч., 334/2 — токтом чыгарылган.
Ошондой эле Т. Молдо атындагы скверде жашыл аянтка батут орнотулганы аныкталды. Бул факты боюнча да 5 500 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, жашыл аянтка унаа токтотууга тыюу салынаарын эскертебиз!