“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоо жана борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда.
Алсак, Чүй проспектисинин Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун түндүк тарабында тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат.
Учурда бригада тротуардын негизин даярдап, грейдер менен тегиздеп, ныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин эски асфальты сыйруу, тротуар бордюрларын орнотуу иштери бүткөрүлгөн.