Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында борбор калаадагы мектептердин окуучуларынын арасында “Жоокер ыры” аскердик-патриоттук ыр сынагынын шаардык этабы өттү.
Сынактын шаардык этабына сынактын райондук этабында 3 номинация боюнча 1-2-орунду ээлеген окуучулар катышты. Жалпысынан борбордогу 19 мектептен 24 окуучу катышты.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
- согуш жылдарындагы ырлар;
- патриоттук ыр;
- көркөм окуу.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
- «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясы боюнча 1-орунду №62 орто мектептин 11-классынын окуучусу Тутанбекова Акмарал;
- «Патриоттук ырлар» номинациясында 1-орунду №12 орто мектептин окуучусу Мазур Софья;
- «Көркем окуу» номинациясы боюнча №88 орто мектептин 11-классынын окуучусу Талантбек уулу Арген М.Шолоховдун «Адамдын тагдыры» чыгармасынан монологду аткаргандыгы үчүн 1-орунду ээледи.
«Жоокер ыры» сынагында байгелүү орундарды ээлеген бардык катышуучуларга грамоталар жана баалуу белектер ыйгарылды.
Сынактар өсүп келе жаткан муундарды аскердик-патриоттулукка, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.