Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Сенин зарядың” компаниясы тарабынан уюштурулган “Сенин зарядың” аттуу экологиялык акция өтүүдө. Акциянын алкагында шаар мектептеринин арасында колдонулган батареяларды чогултуу боюнча шаардык челлендж өтүп жатат.
Демилгенин максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруу, ошол эле учурда кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу.
Катышуу эрежелери жөнөкөй: салмагы боюнча эң көп колдонулган батарейканы чогулткан мектеп жеңүүчү болот. Башкы байге — мектеп аянтчасына заманбап балдар же спорт аянтчасы, аны акциянын өнөктөштөрү – демилгени колдогон Level жана BRK Group курулуш компаниялары орнотушат.
Ошондой эле акция экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана мектеп окуучуларын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча практикалык иш-чараларга тартууга багытталган. Акцияга катышкан мектептерде батареяларды чогултуу үчүн атайын урналар орнотулду.
Төмөндө “Сенин зарядың” компаниясы уюштурган шаардагы батареяларлы кабыл алуу пункттарынын даректери жайгаштырылган. Катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн кабыл алуу пункттары Бишкектин райондору боюнча бөлүштүрүлгөн.
Адреса точек приёма "Твой Эко Заряд"
Список школ участников акции «Твой Эко Заряд»