Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Коллекторная көчөсү, 39, 27, 38, 172а, 173 даректеринде мыйзам бузууларды аныктады.

Бул көчөнүн жашоочулары турмуш-тиричилик саркынды сууларын дренажга төгүп салган учурлар болгон.

Рейддин жүрүшүндө шаар тургундары Б.Т., И.М., О.М., Т.Ж., М.к.З.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 27 миң 500 сомду түздү.

Мындан тышкары, Саадаев көчөсү, 84 дарегинде тамак-аш сатуучу жайдын ээси тарабынан саркынды суулар агып, тиричилик таштандылары ташталган фактылар аныкталды. Жеке жак  А.М. бул берене боюнча 5500 сомго протокол түзүлдү. Үй ээсине септиктин ичиндегилерди сордуруп алып, аны урандыга толтуруп, көмүү тапшырмасы берилген.

Ак-Босого конушунда дагы уруксатсыз дренаждар катталды. Т.у.У. аттуу жаран 5500 сом айып пул алган.

Эскерте кетсек, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жол тилкесин бузуу, жер айдоо, өсүмдүктөрдү кыюу, газонго унаа токтотуу, жолду өз алдынча куруу жана саркынды сууларды агып чыгуу үчүн 5500 сомдон 17000 сомго чейин айып пул каралган.