2025-жылдын 8-апрелинен 24-апрелине чейин Бишкек шаарындагы мектептерде бүтүрүүчүлөр үчүн үч күндүк “Билим-Кербени” семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты - жаштардын кесипти туура тандоосуна, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, алардын медиа сабаттуулугун жана оратордук чеберчиликтерин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар кесипке багыт берүү боюнча пайдалуу маалымат алышты, ошондой эле лидерлик жөндөмдөрүн жана эл алдында ишенимдүү оратордук чеберчиликтерин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңештин жана “Агартуу лигасы” билим берүү долбоорунун колдоосу менен оратордук өнөр, тайм-менеджмент, лидерликти өнүктүрүү жана команда куруу боюнча семинарлар жогорку деңгээлде өттү.

Программа аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана жаштар иштери боюнча консультациялык кеңеш уюштурду.