2025-жылдын 24-апрелинде, «Газпром-Балдар дене тарбия-ден соолукту чыңдоо» комплексинде спорттун чебери, Азия чемпиону жана Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган спорттук самбо боюнча XIII Эл аралык турнирдин ачылышы болду.
Мелдештин ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Рысбай Акматов жана Алмаз уулу Аскар, КРнын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев, ошондой эле спортчунун апасы Фатима Узакжанова катышты.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 10 жаштан 18 жашка чейинки 300дөй спортчу катышууда. Мелдештер калыс оюндун, өз ара урматтоонун жана спорттук чеберчиликтин кырдаалында өтүүдө.
Самбо боюнча эл аралык турнир 12 жылдан бери Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган салтты улантып, жаш балбандардын башын бириктирип келет.
Турнир Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, КРнын Самбо федерациясы жана Бекболот Рахатбеков атындагы спорт клубу тарабынан уюштурулууда.
Турнирдин максаты - самбону жайылтуу, жаштар спортун өнүктүрүү, эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо жана көрүнүктүү спортчунун элесин сактоо.
Турнир спортчулардын жаңы муунун шыктандырууну улантууда, жигердүү жашоо образын жайылтууда жана жарандык демилгенин жана Кыргызстандагы спортту колдоонун үлгүсү болуп саналат.