Бишкек шаарында транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жол кыймылын оптималдаштыруу максатында №34 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Буга чейин автобустар Курманжан-Датка көчөсү – Жибек-Жолу проспектиси – Ибраимов көч. - Чуй проспектиси менен жүрүшчү.
Эми каттам Курманжан Датка, Салиева көч. , Сүйүмбаев көч. жана Чүй проспектиси менен өтөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.