№54 орто мектепте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган майрам  өттү. Күн бою мектепте окууга жана чыгармачылыкка болгон сүйүүнүн өзгөчө атмосферасы өкүм сүрдү.

Ар бир класста тематикалык китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, класстык сааттар өткөрүлдү, анда балдар майрамдын тарыхы жана анын мааниси менен таанышты.

"Бөбөктөрдүн китептерин" жаратуу иш-чарасына өзгөчө көңүл бурулуп, ага башталгыч класстардын окуучулары катышты. Балдар өздөрүнүн жомокторун жана аңгемелерин жазып, сүйүктүү китептерин эстеп, түркүн түстүү иллюстрацияларды жаратып, кичи китептерин жасалгалашты. Бул адабий жана көркөм таланттарды ачууга, ошондой эле командада иштөөгө сонун мүмкүнчүлүк болду.

Иш-чара жаркын, кызыктуу жана шыктандыруучу болду. Көптөгөн балдар китепканага жазылышты жана китептер менен жаңы жолугушууларды чыдамсыздык менен күтүшөт. Бул күн дагы бир жолу  окуу модалуу жана абдан кызыктуу экенин далилдешти.