Урматтуу шаар тургундары жана коноктор! Сиздерди Бишкек Дельфи-2025 оюндарынын алкагында өтүүчү иш-чараларга катышууга чакырабыз.
2025-жылдын 26-29-апрель күндөрү жаш таланттар ар кандай номинациялар боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ар бириңиздердин катышуучулардын талантына күбө болуп, колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.
Сынактар өтө турган мекемелердин даректери жана номинациялар: П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби (Москва көчөсү, 101):
- классикалык гитара (кичи зал) – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин;
- элдик ыр (чоң зал) – 27-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы (Ж. Абдрахманов көчөсү, 208):
- сүрөт искусствосу (1 жана 2-кабаттын фойеси) – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
- көркөм окуу – 27-апрель саат 09:00дөн 17:30га чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
- мобилография – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
- тележурналистика – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
- элдик кыл аспаптар – 27-апрель саат 09:00дөн 20:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин.
- элдик үйлөмө аспаптар – 27-апрель саат 09:00дөн 16:00гө чейин, 28-апрель саат 09:30дан 18:00гө чейин.
- көркөм кол өнөрчүлүк – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы (Москва көчөсү, 123/1):
- классикалык бий – 27-апрель саат 10:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
«Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борбору (Абдумомунов көчөсү, 197):
– эстрадалык ырдоо – 27 – апрелде саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрелде саат 10:00дөн 17:30га чейин.
– сүрөт-27-апрелде саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
"Таберик" балдар музыкалык театры (концерттик зал) (Байтик Баатыр көч., 17):
– хореографиялык искусство – 27-апрелде саат 10:00дөн 16:00гө чейин, 28-апрелде саат 10: 00дөн 17:00гө чейин.
Белгилей кетсек, иш-чараларга кирүү акысыз. Жаш аткаруучуларды, сүрөтчүлөрдү, журналисттерди, бийчилерди жана музыканттарды колдоп кетиңиз! Баарыбыз биргеликте чыгармачылыктын жана эргүүнүн атмосферасын жаратабыз!