Бишкек шаарынын мэриясы RCA Living компаниясы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрелинде Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата иммерсивдик иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда.
Бул күндөрү борбордук Ала-Тоо аянтында саат 13:00дөн 22:00гө чейин салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү күнү бою кубанткан жаштардын флешмобдору өтүп, шаар тургундарын кызыктуу саякатка алып барат.
Ошондой эле, жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарыа майрамдык шаң тартуулайт.
Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D- мэппинг шоу келген конокторго унутулгус таасир калтырат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди Бишкек шаарынын күнүнө арналган иш-чарага чакырабыз. Бул иш-чара кызыктуу спектаклдер менен коштолот!