Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында Бишкек шаарынын Согуштун, Куралдуу күчтөрүнүн  укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлер кеңеши Советтер Союзунун баатырларынын, Даңк орденинин үч даражадагы кавалерлеринин, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана ооруктагы эмгекчилердин мүрзөлөрүнө гүл коюу аземин уюштурду.
Иш-чаранын максаты - Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, Жеңишке жана согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүүгө баа жеткис салым кошкондордун элесине таазим кылуу жана аларга терең урмат-сый көрсөтүү.

Төмөнкү көрүнүктүү инсандардын мүрзөсүнө гүл коюлду, анын ичинде:
Ала-Арча көрүстөнү:
•Асанов Дайыр Асанович — Советтик Союздун Баатыры, Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин мурдагы төрагасы;
•Гадельшин Хамид Габдуллович— Советтик Союздун Баатыры;
•Игембердиев Зыфар Игембердиевич— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медициналык илимдердин доктору;
•Айдарбекова Рафа Иманалиевна— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, профессор, медициналык илимдердин доктору;
•Усенбеков Калыйнур Усенбекович — Советтик Союздун Баатыры, генерал-лейтенант, Кыргыз ССР ДОСААФ Борбордук комитетинин мурдагы төрагасы;
•Игембердиев Самибек Абазович — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, СССР жана КССРдин мыкты жер казуучусу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Манас» орденинин III даражасынын ээси.
Чоң-Арык көрүстөнү:
•Андреев Николай Трофимович — Советтик Союздун Баатыры, Кыргыз ССРдин мурдагы военкому;
•Мамыркалиев Алтымыш Мамырканович — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, мурдагы партиялык ишмер;
•Немцев Иван Спиридонович— Советтик Союздун Баатыры, Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы;
•Мстислав Борисович Иванов — үч даражадагы Даңк орденинин кавалери;
•Анатолий Михайлович Оранов — эмгек ардагери;
Түндүк көрүстөнү:
•Чесноков Пётр Никифорович — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу;
•Валентина Андреевна Косатых — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Бишкек шаарынын Ленин райондук ардагерлер кеңешинин мурдагы төрайымы;
•Анна Алексеевна Кутанова — Ленинград блокадасынын катышуучуларынын Кыргыз коомунун мурдагы төрайымы.
Ошондой эле шаардык ардагерлер кеңешинин делегациясы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, баатырлардын элесин эскерип, мемориалдык эстеликке гүлчамбар койду.
Бул иш-чара тарыхый элести сактоо жана оор сыноолор учурунда Ата Мекенди коргогон адамдардын эрдигин даңазалоо канчалык маанилүү экенин эске салды.
Каарман баатырлардын элеси муундардын жүрөгүндө жашап, бардык адамдар үчүн адеп-ахлактык багыт болуп кызмат кылат.