Ленин районунун акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, муниципалдык инспекциянын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, МАБнын, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Бейшеналиева көчөсүн Москва  көчөсүнөн Рыскулов  көчөсүнө чейинки тилкеде рейд өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты шаардын архитектуралык, көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.

Рейддин жүрүшүндө 29 жарнама, 67 мыйзамсыз орнотулган жарнама баннерлери демонтаждалып, 11 мыйзамсыз соода түйүндөрү жоюлду.

Бул багыттагы иштер улантылат.