«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 21-апрелинде төмөнкү даректер боюнча жылуулук тармактардын бекемдигин текшерүү максатында пландаштырылган сыноолор жүргүзүлөрүн маалымдайт:

1. Шаардын борбордук бөлүгүндө:
-Лев Толстой көчөсүнүн түндүк жагы;
-ЖЭБден Курманжан Датка көчөсүнө чейин («Мадина» базарынын аймагы);
-темир жолдун бою менен ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин;
-Шабдан Баатыр проспекти боюнча Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин;
-Чүй проспекти  боюнча  7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
-Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектинен темир жолго чейин.

2. Шаардын түштүк бөлүгүндө:
-Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча  темир жолдон Скрябин көчөсүнө чейин;
-Медеров көчөсү боюнча Матросов көчөсүнөн Табалдиев көчөсүнө чейин;
-Матросов көчөсү боюнча Медеров көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин.
Сыноолорду жүргүзүү убактысы такталып, алдын-ала кабарланат.

Жылуулук берүүчү тармактарда тыгыздыкка регламенттик сыноолорду өткөрүү — жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл. Сыноо учурунда жылуулук түтүктөрүндө жарылуулар, жол кармарлары чөгүп кетиши жана жылуулук тармактары жайгашкан аймактарда суу каптоо учурлары болушу мүмкүн.

Шаар тургундарын этият болууга чакырабыз! Эгерде түтүктөрдүн жарылуусу же жол катмарынын бузулушу байкалса, дароо төмөнкү номерлерге кабар берүүңүздөрдү суранабыз: «Бишкекжылуулуктармагы» МИнин диспетчердик кызматы — 56-85-58

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору:
— 61-11-69
— 1980
— 0557 611-166
— 0777 611-166
— 0701 611-166