Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарынын арасында «Биз Улуу Жеңиштин мураскерлерибиз» райондук кароо-сынагы өттү.

Тогуз мектеп катышып, үч номинация боюнча ат салышты: “Мыкты музей”, “Мыкты видео” жана “Мыкты команда”.  

Сынактын негизги максаты – өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин калыптандыруу, ошондой эле коомдук пайдалуу эмгек аркылуу инсандын өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Командалар окуу жылында аткарган коомдук пайдалуу иш-чаралары жөнүндө айтышты.  

“Жеңиштин мураскерлери” сынагынын жыйынтыгы боюнча:
- «Мыкты музей» номинациясы боюнча 1-орунду №27 мектептин командасы, 2-орунду №49 мектеп, 3-орунду №18 мектеп-гимназиясы ээледи;
- “Мыкты видео” номинациясында 1-орун №69 мектептин командасына, 2-орунга №54 мектеп, 3-орунга №49-мектептин командасы ыйгарылды;
- “Мыкты команда” номинациясында 1-орунду №54 мектеп, 2-орунду №49 мектеп-гимназия, 3-орунду №6 мектеп жеңип алышты.

Катышуучулар төмөнкү критерийлер боюнча бааланды: коомдук пайдалуу иштердин мааниси, эмгектин натыйжалуулугу жана окуучулардын патриоттук духун жогорулатууга кошкон салымы.

Белгилей кетсек, учурда Биринчи май районунун 5 мектебинде (6, 15, 18, 27 жана 49 мектептерде) Аскердик даңк музейи иштеп жатат, эки мектепте (54, 99 мектептер) аскердик даңк бурчтары ачылган.