Испаниянын Гвадалахара шаарында WKF версиясы боюнча каратэ-до спортунун эң ири эл аралык турнирлеринин бири — Дүйнөлүк жаштар лигасы болуп өттү. Бул ири спорттук иш-чарага дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 3000ге жакын жаш спортчу катышты.
Турнирдин негизги максаты — жаш каратэчилердин арасында күчтүү жана келечектүү спортчуларды аныктоо, алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана 2026-жылы Сенегалдын Дакар шаарында өтө турган Жаштар Олимпиадасына катышуу үчүн маанилүү рейтингдик упайларды топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болду.
Кыргызстандын атынан аталган турнирге «Олимп» олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин үч спортчусу катышып, алардын экөө коло медаль тагынышты:
— Явгет Матвей — 14–15 жаштагы спортчулар арасында (70 кг чейин) — коло медаль ээси;
— Кобелев Илья — 16–17 жаштагы спортчулар арасында (76 кг жогору) — коло медаль ээси.
Экөө тең турнирде жети беттеш өткөрүп, анын алтоосунда жеңишке жетишип, даярдыгынын жогору жана эркинин күчтүү экендигин далилдей алышты.
Бул ийгиликтүү жыйынтыктын негизинде Явгет Матвей өзүнүн жаш курактык категориясында дүйнөлүк рейтингде 9-орунду ээлесе, Кобелев Илья — 11-орунду ээлеп турат.