2025-жылдын 26-апрелинде Грузиянын Батуми шаарында параармрестлинг боюнча профессионалдык турнир өтөт. Бул турнирде матч-реванш форматында беттеш уюштурулат. Ага 2024-жылы Молдованын Кишинёв шаарында өткөн Параармрестлинг боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш медалисти — С. Джуманазаров атындагы теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча атайын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Токтосун уулу Бекболсун жана 2024-жылдын дүйнө чемпиону — Грузиялык спортчу Вахтанг Ахобадзе катышат.

Бул спорттук мелдеш Armfight системасы боюнча өтүп, GrandBellagio Championship сериясынын алкагындагы алгачкы расмий турнир болуп саналат. Ошондой эле турнирде дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү параармрестлерлерден турган дагы төрт жуптун беттештери пландаштырылган. Алардын катарында 2024-жылдагы Параармрестлинг боюнча Дүйнө чемпионатынын чемпиондору жана күмүш медалисттери бар.

Турнирдин кадырлуу коноктору катары армрестлинг боюнча абсолюттук дүйнө чемпиону Леван Сагинашвили жана UFCнин учурдагы дүйнө чемпиону Мераб Двалишвили катышат.

Белгилей кетсек, Токтосун уулу Бекболсун дүйнөлүк деңгээлдеги профессионалдык параармрестлинг турнирлерине чакырылган Азиядан чыккан алгачкы спортчу болуп саналат.