«ХБО» суу алычын оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жолдун катарында таза суу берилбейт. Анын ичинде: №99 лицей, «Бишкек-Нан» ААК, «Завод «ДСМ» АК, «Ак-Марал Дизайн Сервис»  корпорациясы, №3 БПАТП, Бишкек шаардык авто окутуу комбинаты,  КыргызАвтоВАЗ, «Дасмия» рестораны, «Автобытсервис» АК, ЧуПВЭС, «КТИ Агромаш» АК, «Медиафарм» АК, саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы,  «Электротехник» АК, Горький көчөсү боюнча «Мегомедиа» басмаканасында, «Айдан-фарма» ЖАК, «Ювента» ЖЧКсында ичүүчү суу берилбейт.


 «Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.