Октябрь акимиатында кызамык, вирустук гепатит, эхинококкоз сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдөө маселелерине арналган секторлор аралык координациялык кеңешме өттү.

Шаардын саламаттык сактоо, ветеринардык жана санитардык кызматынын, ден соолукту чыңдоо борборунун, билим берүү жана социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук МАБнын, кварталдык, үй комитеттеринин, ата-энелердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышышты.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине  караштуу эндокринологиялык борбордун педиатры Айгүл Укуновна Абикова чакырылды, ал катышуучуларга балдардын кант диабети жана туура районду уюштуруунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Жыйында калкты эмдөө менен камтууну жогорулатуу боюнча актуалдуу жолдор, инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча таасирдүү чаралар жана санитардык агартуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, "жуулбаган кол оорулары" тууралуу маселелер көтөрүлүп, бул оорулардын арасында гепатит А алдыңкы орунду ээлери белгиленди. Бул ооруга кабылуу коркунучу көбүнчө мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы балдарда жогору экени айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында Координациялык комиссиянын төрайымы Асель Садыкова ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүүнүн, калк арасында медициналык кызматкерлер, МАБ жана мектептерде ата-энелер менен биргелешкен маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.