Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу эки кабаттуу бала бакча куруу боюнча тендер жарыялады.
Имараттын жалпы аянты – 2927 м². Сметалык наркы – 175 120 045 сом.
Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Эске салсак, административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында Биримдик-Кут конушу расмий түрдө Бишкек шаарынын Свердлов районуна кошулган.
Жаңы бала бакчанын курулушу райондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана жашоочуларды зарыл болгон билим берүү мекемелери менен камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Конкурс тууралуу толук маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталынан таба аласыздар: www.zakupki.gov.kg.