Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орнотуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу улантылууда.

Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлдөрү менен биргеликте кезектеги пандустарды кабыл алды.

Бул жолу конструкциялар К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанына орнотулду.

Пандустар толугу менен заманбап стандарттарга жооп берет: металл элементтер даттан коргоо үчүн сырдалган; коопсуз пайдалануу үчүн ыңгайлуу кармагычтар орнотулган, пандустардын бурчу 8 градустан ашпайт, бул алардын ары-бери кыймылына ынгайлуу.

Бирок текшерүү учурунда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын ичиндеги конструкция кабыл алынган эмес. Калаа башчысы негизги кире беришке пандус орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырды.

Пандустарды орнотуу ар бир жашоочу физикалык чектөөлөргө карабастан, эркин жана коопсуз кыймылдай ала турган жеткиликтүү шаардык чөйрөнү камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу пандустарды орнотууга чоң салым кошуп жаткан меценаттарды тартуунун аркасында мүмкүн болууда.

Кыдыруунун жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев китепкана менен театрдын жанаша жайгашкан аймактарын көрктөндүрүү, жолдорго асфальт төшөө, отургучтарды жана жол тосмолорун орнотуу маселесин кароону тапшырды.