«Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында экологиялык таза жана заманбап коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат.
Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоорго ылайык, Бишкекке 120 даана электробустун келүүсү күтүлүүдө.
Азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалуунун үстүндө. ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда.
Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген.
Электробустарды киргизүү долбоору, Бишкектеги экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчү ташуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшөт.