2025-жылдын 11-апрелинен тарта Бишкек шаарында жаңы №61, №45 жана №35 автобус каттамдары жүрө баштайт.
№61 автобус каттамы «Киркомстром – Көк-Жар» багыты боюнча жүрөт. Бул каттам шаардагы негизги райондорду аралап өтүп, билим берүү жайларына ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат.
№45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: «10-кичирайон – Алыкулов көчөсү – 7-Апрель көчөсү». Бул каттам №35 каттамына карама-каршы багытта жүрөт.
Аталган каттамдарда 12 метрлик заманбап, ISUZU үлгүсүндөгү, газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.
Ошондой эле, маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында бир катар каттамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.
№51 автобус каттамы эми «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күнгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Мурда бул каттам айланма жол менен жүрсө, эми автобустар Мыктыбек уулу Сарыбагыш, Карагул Ата, 7-Апрель, Курманжан-Датка жана Алма-Ата көчөлөрү аркылуу каттайт.
№9 автобус каттамы да жарым-жартылай өзгөртүлүп, эми автобустар Байтик Баатыр көчөсүнүн ордуна А. Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Бул өзгөрүүлөр шаар тургундары жана меймандары үчүн транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу, ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилди.