Жаздын жана жылуулуктун келиши менен "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаардагы жашыл аянттардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштерин баштады.

Алсак, ишкананын кызматкерлери сейил бактарда, аянттарда жана коомдук жайларда чөптөрдү үзгүлтүксүз чабууну баштады.

Бул иш шаардык пейзажга көрк берип гана тим болбостон, газондордун өсүүсүн, сырткы көрүнүшүн жакшыртууга жана жаңы бүчүрлөрдүн өсүшүнө түрткү берет.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жашыл аймактарды жакшылап карап, таштандыларды ыргытпай, тазалыкты сактоону суранат.