Ден соолук күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында “Ардагер” геронтологиялык борборунда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн маалыматтык-билим берүүчү лекция өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери «Билим жана көндүм– ден соолуктун жолу» деген темада лекция өткөрүштү. Катышуучуларга сергек жашоонун негиздери, кант диабети жана башка  оорулардын алдын алуу эскертилди.

Мындай жолугушууларды өткөрүү улгайган адамдардын ден соолук маселелери боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга жана аларды активдүү жана аң-сезимдүү жашоо образына түрткү берүүгө жардам берет.

Маалымдама: Борбордун максаты – сырттан кароого жана турмуш-тиричилик кызматына муктаж болбогон улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жигердүү узак жашоону жана канааттандырарлык жашоо потенциалын колдоо максатында социалдык жана медициналык-социалдык кызматтар менен камсыз кылуу.

Борбор 80 адамга ылайыкталган, бул жерде жыл сайын 960ка жакын карылар эс алышат. Туруктуу каттоосу бар Бишкек шаарынын улгайган жарандарын кабыл алуу арыз ээсинин катталган жери боюнча Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан берилген жолдомонун негизинде жүргүзүлөт.