2025-жылдын 9-апрелинен тарта Фрунзе көчөсүнүн Т.Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы 2025-жылдын 31-августуна чейин жабылат.

Иштин максаты 1971-жылдан бери иштеп келе жаткан жана тез арада модернизациялоону талап кылган эскирген түтүктөрдү алмаштыруу болуп саналат.

Реконструкциялоонун алкагында түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин көбөйтүлөт. Бул гидротехникалык режимди жакшыртат жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.