«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бекитилген планы боюнча 2025-2026-жылдагы жылуулук мезгилине даярдык иштери башталды.

Ишкананын адистери Лущихин жана Чайковский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүздү. Ишти аткаруу үчүн атайын жумушчу топ, 3 жүк ташуучу унаа, 1 экскаватор, 1 кран-манипулятор тартылган.

Белгилей кетсек, жыл сайын жылуулук мезгилине даярдык иштери жаз-жай мезгилинде тынымсыз жүргүзүлөт.