Профсоюз көчөсүндө Биринчи май райондук администрациясы МАИ кызматкерлери менен биргеликте оор жүк ташуучу унаалардын стихиялуу токтоп калышын жоюу боюнча бир ай бою рейд жүргүзүштү.
Буга чейин бул аймак жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан үзгүлтүксүз унаа токтотуучу жай катары колдонулуп, жөө жүргүнчүлөргө жана автоунаа айдоочуларына олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратып, санитардык нормаларды бузган.
№15 МАБнын кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын ээлерине жолду тазалоо зарылдыгын билдиришкен. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн аймакка бетон тосмолор жана оор жүк ташуучу унааларды токтотууга тыюу салган жол белгилери орнотулду.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды унаа токтотуу эрежелерин сактоого жана жол кыймылына тоскоолдук жаратпоого чакырат.