2025-жылдын 10-апрелинде саат 10:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги  турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
-  Алыкулов көч. -  Кустанай көч. - БЧК - Ала-Арча суусу -  Рыскулов көч. (пр. Д. Сяопин) — Интергельпо — темир жол линиясы.
- (Пригородное)  Юбилейная  көч.- Горький  көч.-  Садовая көч. (Пригородное) - БЧК.

Өчүрүү  «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер»  конуштарын, 110-квартал, Достук кичирайонун камтыйт.

Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.