Кезектеги СЭИнин текшерүүсүндө Фучик көчөсү 1а дарегинде жайгашкан «Алтай» акча алмаштыруу жайынын айланасына инерттүү материалдар төгүлгөнү аныкталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан аталган жайдын ээси Болотбекова Б. атына таштандыларды чыгаруу, курулуш таштандыларын чогултууга жол бербөө эскертүүсү берилди.


Учурда аныкталган бузуулар четтетилди.