2025-жылдын 9-апрелинде төмөнкү даректердеги  турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы  Ч.Айтматов пр. – Миңжылкиев көч. – Т. Сагындыков көч. - А. Масалиев пр. менен чектешет.

Суу диаметри 300 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.