2025-жылдын 8-апрелинен тартып №55 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт.
Бул өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн жолго кеткен убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилүүдө.
•№55 каттам «Чоң-Арык – Маевка МАБ» багытында каттайт. Буга чейин автобус Семетей көчөсү жана Айланма жол аркылуу каттаса, эми кыймыл Жибек-Жолу проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү аркылуу уюштурулат. Бул өзгөртүү Чоң-Арык менен Маевканын ортосунда түз жана ыңгайлуу каттамды камсыз кылат.
•№56 каттам «Чоң-Арык – Аламүдүн-1» багытында каттайт. Буга чейин автобус айланма жол (кольцевой) схема менен жүрсө, эми ал Байтик Баатыр, Жумабек, У. Салиева жана М. Ауэзов көчөлөрү аркылуу каттайт. Бул өзгөрүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн бир топ жакшыртат.