Бүгүн, 2025-жылдын 7-апрелинде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу, Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.
Курулуш иштери 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук (микроавтобус) каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт:
• №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүшөт.
•№133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтүшөт.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын- ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.