Биринчи май муниципалдык администрациясы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети менен бирге жаш өспүрүмдөрдүн баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартуунун, алардын психоактивдүү заттарды колдонуунун жана кыянаттык менен колдонуунун алдын алуу максатында баңги затын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында студенттер менен жолугушуу уюштурду.
Жолугушууга Биринчи май райондук администрациясынын жетекчилери, жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле КР ИИМ БМЖККК өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы баңгичиликтин актуалдуу маселелери, анын алдын алуу чаралары, ошондой эле баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу укуктук кесепеттер талкууланды.
Адистер студенттер арасында баңги заттардын жайылышын алдын алуунун заманбап ыкмалары, медициналык жана психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Ар бир окуучунун ден соолугуна жана келечегине жеке жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулуп, жаштардын сергек жашоо образын жайылтууга активдүү катышуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар райондун бардык мектептеринде өткөрүлүп жатат.