Бүгүн, 7-апрелде Жаш Гвардия бульварындагы жолду реабилитациялоо менен бирге "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук тармагын алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Ошентип, 2025-жылдын 7 — апрелинен 23-апрелинен  чейин диаметри 520 мм болгон эски түтүктү диаметри 720 мм болгон жаңы түтүккө алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Участоктун жалпы узундугу 112 метрди түзөт.

Иштин жүрүшүнө байланыштуу Рыскулов көчөсүндөгү автотранспорттун кыймылы аталган бөлүктө толугу менен жабылат.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар  жана борбордун коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн өз каттамыңызды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.