2025-жылдын 7-апрелинен тарта Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылат.

Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, чыгыш тарабында убактылуу эки багыттуу кыймыл уюштурулган. Подрядчы уюм “ДорСтрой Групп” ЖЧКсы.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.